Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги китеп чыгаруучу тармакты өнүктүрүү үчүн жаңы программа иштеп жатат. Бул программа 2030-жылга чейин колдонулмакчы.
Министр Мирбек Мамбеталиев белгилегендей, мамлекеттик чыгармачыл ишмердүүлүктө чыгарылган китептер кылдат тандоодон жана экспертизадан өткөрүлөт. Ал эми жеке басмаканалар үчүн да атайын өнүктүрүү планы даярдалууда.
Ошондой эле министрлик руханий продукциянын сапатын көзөмөлдөө иштерин күчөтүүдө. Мисалы, спектаклдер театрларга коюлгандан мурун көз карандысыз адистерден турган эксперттик комиссия тарабынан бааланат жана кемчиликтер жоюлгандан кийин гана уруксат берилет.











