Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде металл издөөчү жабдуулардын айлануусун жөнгө салуу боюнча жумушчу топтун отуруму өттү. Талкууда нормативдик укуктук документа даярдоо маселеси каралды.
Бул документ тарыхый-маданий мурастарды издөөгө мүмкүндүк берүүчү металлоиздөөчүлөр менен радарлардын колдонулушун мыйзамдаштыруу максатында түзүлүүдө.
Жыйынга Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик бажы кызматынын, Улуттук илимдер академиясынын, Куруучулар бирикмесинин, Мамлекеттик инспекциянын жана «Кыргызреставрация» илим-изилдөө долбоор институтунун өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар долбоордун бизнеске тийгизген таасирин талдап, аны жакшыртуу боюнча сунуштарын беришти. Айрыкча, мыйзамсыз металлоиздөөчүлүктүн археологиялык эстеликтерге зыян келтирип, дагы кайтарылбас маалыматтарды жоготууга алып келиши маселеси көтөрүлдү.
Жыйындын жыйынтыгы менен долбоор жалпы колдоого ээ болду. Мыйзамдын кабыл алынышы мурасты коргоодо укуктук тартиби жакшыртып, мыйзамсыз казуулардын алдын алуу менен тарыхый жана маданий баалуулуктардын сакталышына салым кошот деп күтүлүүдө.










