Материалдар: 20
Ош шаарынын прокуратурасы мэриянын тиешеси жок жерден 33 күбөлүк берип, мыйзамсыз иш кылганы аныкталды. Ошондой эле Жапалак айыл өкмөтүнүн айрым кызматкерлеринин жасалма документтер менен жайыттарды жеке колдоруна өткөрүп, мамлекетке чоң зыян келтиргени табылды.
Ош шаардык мэриясы пландаштырылган электр энергиясын убактылуу өчүрүү тууралуу маалымат берди. 22-июлда саат 08:00дөн 17:00гө чейин айрым райондордо, көчөлөрдө жана объектилерде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул чаралар күзгү-кышкы мезгилге даярдык үчүн өткөрүлүүчү техникалык жана ремонт иштерине байланыштуу.
Ош шаарында 22-июлда таңкы саат 8:00дөн түштөн 17:00гө чейин энергетикалык объекттерди күз-кыш мезгилине даярдоо максатында техникалык жана оңдоо иштери жүргүзүлүп, бир катар аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт.
Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси болуп Амангелди Атазаков дайындалды. Бул чечим 14-июлда мэр тарабынан бекитилди. Башка иштерге өткөндүгүнө байланыштуу мурдагы жетекчи Жылдызбек Болотбеков кызматтан кеткен.
Кыргызстанда өкмөт мамлекеттик жерлердин берген тартибин өзгөртүү тууралуу долбоорду коомдук талкууга сунуштады. Долбоор мэриялардын ыйгарым укуктарын кеңейтет, инвесторлор үчүн жаңы эрежелерди киргизет жана мамлекеттик жерлердин ижара укуктарын кепилдик катары берүү мүмкүнчүлүгүн карайт.
Ош шаарынын жанындагы Жапалак айылына газ жүргүзүү маселеси көп жылдан бери чечилбей келе жаткан. Ош шаарынын мэриясы бул көйгөйдүн чечиле баштаганын билдирди.
Бишкек мэриясынын автобус №40 маршруту жоюлуп, анын ордуна №44 маршруту ишке киргизилгенден кийин Новопокровкадан борборго баруу убактысы кескин узарып, кээде ал 6 саатка чейин созулат. Жергиликтүү тургундар транспортттук кызматтардын азайдыгына жана сапатсыздыгына нааразы.
Ош шаардык мэриясы жеке курулуш подрядчыларына аткарылган жана улантылып жаткан иштер үчүн болжол менен 3 миллиард сом салык калдыгын билдирди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана тургун үй-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында маалымдады.