Ош шаарында жайгашкан «Увам» каналынын жээктерин коопсуздук максатында тосуу иштери аяктады. Шаар бийлиги бул кадам тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кабыл алынганын билдирди.
Мэриядан алынган маалымкат боюнча, тосмону орнотуу аркылуу балдар жана чоңдор үчүн кырсыктын алдын алуу жана потенциалдуу коркунучтарды азайтуу пландалган.











