Ош шаарында калктын саламаттыгын коргоо маселелери боюнча координациялык комиссиянын жыйыны болуп өттү.

Жыйында шаардагы коомдук тамактануу жайларында санитардык көзөмөлдү күчөтүү чечими кабыл алынды. Бул чаралар калктын саламаттыгына терс таасир этүүнү алдын алуу максатында ишке ашырылат.