Материалдар: 13
Ош шаарында Абдувалиева көчөсүндө асфальт төшөө иштери башталды. Бул жумуштар альтернативдүү көчөлөрдү куруу жана оңдоо алкагында жүргүзүлүүдө. Буга чейин көчөдө мыйзамсыз курулуштар бузулуп, жол толугу менен тазаланды.
10-августта Манас шаарында саат 9:00дөн 15:00гө чейин ичүүчү суу берилбейт. Шаардык мэриянын маалыматы боюнча, бул жаңы курулуп жаткан муниципалдык базар менен автобекетке суу түтүктөрүн тартуу иштерине байланыштуу.
Ош шаарынын мэриясы «Увам» каналынын жээктерин коопсуздукту жогорулатуу үчүн тосуу иштерин жүргүзгөндүгүн маалымдады. Бул чара шаар тургундарынын амандыгын камсыз кылуу үчүн жасалууда.
Ош шаарынын мэриясы жарандардын арыздарынан кийин «Увам» каналынын жээгиндеги мыйзамсыз жайгашкан соода объектилерин жоюу иштерин баштады. Бул кадам аймакты көрктөндүрүү жана тазалоо максатында жүргүзүлүүдө.
Ош шаарында калктын саламаттыгын коргоо маселелери боюнча координациялык комиссиянын жыйыны өтүп, шаардагы коомдук тамактануу жайларында санитардык талаптарды катуу сактоо чечими кабыл алынды.
Ош шаарынын прокуратурасы мэриянын тиешеси жок жерден 33 күбөлүк берип, мыйзамсыз иш кылганы аныкталды. Ошондой эле Жапалак айыл өкмөтүнүн айрым кызматкерлеринин жасалма документтер менен жайыттарды жеке колдоруна өткөрүп, мамлекетке чоң зыян келтиргени табылды.
Ош шаардык мэриясы пландаштырылган электр энергиясын убактылуу өчүрүү тууралуу маалымат берди. 22-июлда саат 08:00дөн 17:00гө чейин айрым райондордо, көчөлөрдө жана объектилерде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул чаралар күзгү-кышкы мезгилге даярдык үчүн өткөрүлүүчү техникалык жана ремонт иштерине байланыштуу.
Ош шаарында 22-июлда таңкы саат 8:00дөн түштөн 17:00гө чейин энергетикалык объекттерди күз-кыш мезгилине даярдоо максатында техникалык жана оңдоо иштери жүргүзүлүп, бир катар аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт.
Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси болуп Амангелди Атазаков дайындалды. Бул чечим 14-июлда мэр тарабынан бекитилди. Башка иштерге өткөндүгүнө байланыштуу мурдагы жетекчи Жылдызбек Болотбеков кызматтан кеткен.
Кыргызстанда өкмөт мамлекеттик жерлердин берген тартибин өзгөртүү тууралуу долбоорду коомдук талкууга сунуштады. Долбоор мэриялардын ыйгарым укуктарын кеңейтет, инвесторлор үчүн жаңы эрежелерди киргизет жана мамлекеттик жерлердин ижара укуктарын кепилдик катары берүү мүмкүнчүлүгүн карайт.
Ош шаарынын жанындагы Жапалак айылына газ жүргүзүү маселеси көп жылдан бери чечилбей келе жаткан. Ош шаарынын мэриясы бул көйгөйдүн чечиле баштаганын билдирди.
Бишкек мэриясынын автобус №40 маршруту жоюлуп, анын ордуна №44 маршруту ишке киргизилгенден кийин Новопокровкадан борборго баруу убактысы кескин узарып, кээде ал 6 саатка чейин созулат. Жергиликтүү тургундар транспортттук кызматтардын азайдыгына жана сапатсыздыгына нааразы.