Бардык жаңылыктар: Манас Ордо
Материалдар: 8

Таластагы «Манас Ордо» комплексинин жанындагы мушташ: үч киши кармалды, иш сотко өттү
Талас облусунда «Манас Ордо» улуттук комплексинин жанында болгон мушташ боюнча кылмыш иши козголуп, үч киши кармалды. Президент Садыр Жапаров окуяны иликтөөнү тапшырды.

Таластагы жаңы электробустор үч жол кырсыгына кабылды
Талас шаарында жаңыдан кызматка кирген электробустор үч жол кырсыгына катышып, материалдык зыян келтирилгенин «Талас шаардык автобекети» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Замир Качканаков билдирди.

«Манас Ордо» комплекси улуттук оймо-чиймелер түшүрүлгөн жаңы шам чырактар менен көрктөндү
Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексинин аймагына улуттук колоритте жасалгаланган жаңы шам чырактар орнотулду. Алар комплекстин архитектуралык көрүнүшүн толуктап, аймакта бирдиктүү стилди калыптандырууга багытталган.

Талас облусунда жаңы курулган объектилердеги кемчиликтер жарандардын арыздары боюнча четтетилет
Талас облусунда курулушу аяктаган, бирок жергиликтүү тургундар кемчиликтерди байкаган объектилердин сапатын текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлдү. Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасы менен подрядчылар аныкталган кемчиликтерди четтетип, объектилер калкка көп жылдар кызмат кылышы керек.

Таласта «Манас Ордо» маданият комплексинин реконструкциясы аяктады: күнүнө 10 миң чейин конок кабыл алат
Талас облусундагы «Манас Ордо» улуттук тарыхый-маданий комплексинин масштабдуу реконструкциясы толук аяктады. Жаңыланган аймак улуттук мураатты заманбап архитектуралык чечимдер менен айкаштырган. Президент Садыр Жапаров бул комплекс улуттук тарыхты жайылтуу жана патриоткалык сезимди бекемдөө борбору болорун белгиледи.

Талас районунда «Манас Ордо» комплексине бара турган жолду оңдоодо мыйзам бузуулар аныкталды
Талас районунун Ташарык айылында «Манас Ордо» комплексине алып баруучу жолду капиталдык оңдоо иштери текшерилип, бир катар олуттуу кемчиликтер табылды. Жергиликтүү тургундар курулуштун сапатына нааразы болушуп, арык системасы туура эмес орнотулганын жана социалдык объектилерге ыңгайлуу кирүү жолдору каралбаганын белгилешти.
Таластагы «Манас Ордо» комплекси Эгемендүүлүк күнүндө реконструкциядан кийин ачылат
Талас облусундагы «Манас Ордо» комплексинин кайра курулуш иштери 85 пайызга аяктап калды. Министр Нурдан Орунтаевдин маалыматына ылайык, курулуштары пландалган мөөнөттө бүтүп, объект Эгемендүүлүк күнүндө коомчулукка сунушталаары күтүлүүдө. Бул ири долбоордо административдик борбор, чоң конгресс-зал, маданий борбор жана музей кеңейтилүүдө.

Таласта «Манас Ордо» комплексинин реконструкциясы 85%га бүткөрүлдү, 400дөн ашуун куруучулар катышууда
Талас шаарындагы «Манас Ордо» комплекси чоң өзгөрүүлөрдөн өтүп жатат. Азыркы учурда реконструкциялык иштердин 85%ы бүткөрүлүп, долбоордо адаминистративдик борбор, 300 орундуу конгресс-зал, улуттук стилдеги коттедждер жана 3500 орундуу маданий борбор курулуп жатат. Комплекстин жалпы аянты 225 гектарга жетет, музейдин аянты болсо 450 чарчы метрден 1500ге чейин кеңейтилип жатат.