Бардык жаңылыктар: Малик Шаваев
Материалдар: 4

Кыргызстан курамасы Астанада өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында беш медаль утту
Астана шаарында 24-октябрдан 1-ноябрга чейин өткөн спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстан курамасы эки күмүш, үч коло медаль тагынды. Таймашууга 22 спортчу катышып, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча байгелерди жеңип алышты.

Малик Шаваев дүйнө чемпиондугунун коло байгесин утту
Кыргызстандык спортчу Малик Шаваев күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда коло байгеге ээ болду. Ал 86 килограммга чейинки салмакта орусиялык Ибрагим Кадиевди жеңди.

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты
Эрназар Акматалиев дүйнө чемпиондугунун жарым финалында америкалык Зейн Аллен Резерфордду жеңип, финалга жолдомо алды. Эртең ал орусиялык Ибрагим Ибрагимов менен алтын медаль үчүн күрөшөт.

Кыргызстандык Малик Шаваев күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалына чыкты
Кыргызстандык балбан Малик Шаваев Астанада өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда 1/8 финалга жолдомо алды. Ал 86 килограммга чейинки салмакта швейцариялык атаандашын жеңип, кийинки беттешинде ирандык балбан менен күч сынашат.