Бардык жаңылыктар: Мадрид
Материалдар: 4

Испанияда эки поезд кагылышып, кеминде 46 адам каза болду
Испанияда эки жүргүнчү ташуучу поезд кагылышып, кеминде 46 адам каза болду. Кырсык Мадрид менен Андалусиянын ортосундагы темир жол участкасында эртең менен болгон. Окуядан кийин поезддердин кыймылы токтотулду, куткаруучулар окуя болгон жерде иштеп жатышат.

Испания менен Францияда токой өрттөрү уланып, 300 миңден ашуун адам эвакуацияланды
Испания жана Францияда анормалдуу ысык, кургакчылык жана катуу шамалдын кесепетинен ири токой өрттөрү уланууда. Акыркы маалыматтарга ылайык, эки өлкөдө 300 миңден ашуун жаран коопсуз жайга көчүрүлгөн. Кырсыктардын натыйжасында Францияда он миңдеген гектар жер өрттөнүп, Испанияда да олуттуу зыян келтирилди.

Испанияда токой өрттөрүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды
Мадрид шаарынын жана Авила провинциясынын айланасындагы ири токой өрттөрүнөн улам Испанияда өзгөчө кырдаал киргизилди. Жалпысынан 70 миңден ашуун адам эвакуацияланып, Саламаттыкты сактоо министрлиги түтүндүн ден соолукка коркунуч туудурарын эскертти.

Франция менен Испанияда токой өрттөрү: 200 миңден ашуун адам эвакуацияланды
Европанын түштүк-батыш бөлүгүндө, тактап айтканда Франциянын түштүк-батышында жана Испаниянын борбордук аймактарында ири токой өрттөрү катталып, жүз миңдеген адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болушту. Испанияда өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, тилсиз жоо ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген объектилерге коркунуч жаратууда.








