Материалдар: 7
Ош шаарында мэр Жанарбек Акаев менен Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов жолугуп, шаардагы туристтик потенциалды жогорулатуу, мейманкана жана кызмат көрсөтүү тармагын өнүктүрүү, ошондой эле тарыхый- маданий мурастарды экономикалык өсүшкө активдүү пайдалануу маселелерин талкашты. Бул жолугушуу шаардыктар үчүн туризмди күчтүү өнүктүрүү багытындагы маанилүү кадам болуп калды.
Баткен облусунда туризмди өнүктүрүү жана бизнеске колдоо көрсөтүү тууралуу тармактык жыйын болуп өттү. Иш-чарада мамлекеттик органдардын жана региондук жетекчилердин катышуусу менен туристтердин шарттарын жакшыртууга жана жергиликтүү ишкерлерге көмөк көрсөтүүгө багытталган маселелер талкууланды.
Кыргызстандын тоолорунда бир нече альпинисттен турган топ байланышка чыкпай калды. Алардын арасында Беларустун жана Латвиянын жарандары бар экени белгилүү болду. Бул тууралуу Мамлекеттик туризмди өнүктүрүү агенттиги билдирди. ӨКМ жана ИИМ дайынсыз жоголгондорду издөө жана аймакты көзөмөлдөө үчүн атайын издөө-куткаруу тобун түздү.
Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов эки өлкөнүн ортосундагы туристтик агымды жакынкы жылдары 10 миллионго чейин көбөйтүү пландалып жатканын билдирди. Жаңы келишимдер чек арадан өтүүдө жеңилдиктерди киргизип, туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү көздөйт.
Кыргызстанда UIM F1H2O «Кыргыз Республикасы – Ысык-Көл Гран-при 2026» дүйнөлүк чемпионатынын катышуучулары, спортчулар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана чет элдик коноктор келүүнү башташты. Ысык-Көлдө өтө турган мелдешке даярдык жүрүүдө.
Өлкөнүн туристтик агымы жыл сайын өсүп, 2023-жылы Кыргызстанга 8,5 миллион адам келген. Мамлекеттик туризмди өнүктүрүү агенттигинин маалыматы боюнча, 2025-жылга карата бул көрсөткүч жакынча 10 миллион адамга жетиши күтүлүүдө. Табияттын сулуулугу жана кыргыз элинин коноктуктуусу туризм тармагын өнүктүрүүнү колдоп жатат.
Ысык-Көлдүн Түштүк жээги узак убакыт бою түндүк жээктин артында калып, туристтерге жапайы табият менен минималдуу кызмат көрсөтүү гана сунуштачу. Азыр бул аймак чоң өзгөрүүлөргө туш болуп, Балыкчы — Барскоон трассасы толук реконструкцияланып, Кытай менен жаңы эл аралык коридорлор ачылууда. Мамлекет туризмди туруктуу өнүктүрүү принциптерине ылайык өнүктүрүүнү баштап, көп кабаттуу отелдерди куруудан алыстап, аутентичтүүлүккө басым жасап жатат.