Кыргызстан туризм тармагындагы ири эл аралык көргөзмөлөрдүн бири — Лондондо өтүп жаткан World Travel Market (WTM) 2026 көргөзмөсүнө катышууда. Көргөзмө 5-ноябрда башталган.

Ачылыш аземине Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Омар Султанов жана Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Малика Молтоева катышты.

Көргөзмөнүн биринчи күнү эле кыргыз делегациясы улуттук стендде өлкөнү тааныштыра баштады. Эл аралык аудиторияга Кыргызстандын табигый жана маданий мурастары, туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана тармактын келечектүү багыттары сунушталууда.

WTM London 2026 көргөзмөсүнө катышуу эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, жаңы ишкердик байланыштарды түзүүгө жана Кыргызстанды дүйнөлүк рынокто жагымдуу туристтик багыт катары илгерилетүүгө багытталган.