Кыргызстанда 11 геопарк түзүү пландалып жаткандыгы тууралуу Мамлекеттик туризмди өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси Эдуард Кубатов билдирди. Ал «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында бул маалыматты бөлүштүрдү.
Геопарктардын стандарты аймакка аяр мамиле жасоону талап кылат, бирок бул жерде каржылык жана чарбалык иш-аракеттер токтоп калбайт. Жаңы формат табигый, геологиялык жана тарыхый-маданий өзгөчөлүктөргө көбүрөөк көңүл бурууну камтыйт.
Геопарктар — бул биздин келечегибиз. Азыр биз талдоо жүргүздүк, анын жыйынтыгы боюнча өлкөдө 11 геопарк түзүлөт.
Учурда өлкөдө Мадыген жана Тескей геопарктары иштеп жатат. Алардын алдыдагы жылдары ЮНЕСКОнун статусун алуу үчүн мүмкүнчүлүктөрү абдан жогору экенин белгиледи.
Геопарктардын түзүлүшү өлкө ичиндеги туризмдин өсүшүнө чоң салым кошот.











