Кыргызстандын туризм тармагында өсүү динамикасы байкалууда. «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Эдуард Кубатов 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча туристтердин саны 12–13 миллионду түзө аларын билдирди.

Агенттиктин жетекчиси байкап кеткендей, туристтердин агымы болжол менен 20%га өсүп жатат. Эгерде ушундай темп сакталып калса, алдыдагы үч-төрт жылда туристтердин саны 20–30 миллиондон ашышы мүмкүн. Бирок бул учурда алдыдагы максат эмес, келечектеги мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.

Туристтердин санынын динамикасы

10 млн2025-жылы келген туристтер
9 млн2026-жылдын 9 айында келген туристтер
12-13 млн2026-жылдын аягындагы күтүлүүдөгү көрсөткүч

Бай саякатчыларды тартуу үчүн өлкөгө инфраструктураны өнүктүрүү жана төрт жана беш жылдыздуу мейманканалардын санын көбөйтүү өтө маанилүү экени айтылды. Туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, жаңы жайгаштыруу объекттерин куруу жана жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу зарыл.

Туристтердин статистикасы БУУнун туризм чөйрөсүндөгү ыкмаларын эске алуу менен жүргүзүлөт. Бул методика боюнча, өлкөдө бир суткадан ашык убакыт жүргөн чет элдик жаран турист катары эсептелет жана транспорт, тамак-аш, жайгаштыруу сыяктуу кызматтарды колдонуу менен улуттук экономикага салым кошот.