Материалдар: 3
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров майыптыгы бар жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштөө мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга багытталган мыйзамга кол койду. Жаңы эрежелер менен мындай жарандар конкурстан тышкары кадрлар резервине киргизилип, бош кызмат орундарына дайындалуу тартиби белгиленет.
Кыргызстанда 2025–2030-жылдарга арналган Коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын алкагында мамлекеттик кызматка кабыл алуу процессинде ачыктыкты жогорулатууга багытталган жаңы механизмдер киргизилди. Алардын негизги өзгөрүүлөрүнө документтерди толугу менен электрондук форматта кабыл алуу жана коррупциялык кылмыштары бар же иштери козголгон адамдарды талапкерлерден четтетүү кирет.
Мамлекеттик кызмат боюнча агенттик кадрдык резервдерди түзүүнүн эрежелерин өзгөртүү тууралуу президенттин жарлыгын коомдук талкууга сунду. Бул өзгөртүүлөр конкурстарда жана кадрларды тандоодо пайда болгон маселелерди жоюуну максат кылат жана мамлекеттик кызматтагы калыстыкты, ийкемдүүлүктү жогорулатат.