Бүгүн, 23-ноябрда өткөн республикалык кеңешмеде мамлекет башчы райондук деңгээлде адистердин жетишсиздигин айыптап, бул маселени ыкчам чечүүгө тапшырма берди. Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын, прокуратуранын жана сот системасынын өкүлдөрүн мыйзамдагы кемчиликтерди аныктап, зарыл болсо, аларды өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизүүгө чакырды.
Президент региондордогу эл менен жолугушуу учурунда Чаткал районунун тургуну Саада Субанова райондо юрист жок экенин айткандыгын эске салды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, мындай көйгөй Чаткал гана эмес, башка райондордо да бар экени аныкталган.
Мамлекет башчы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке райондордо штаттык юристтик кызматтардын эмне үчүн киргизилбей жатканын аныктап, бул маселени кыска мөөнөттүн ичинде жөнгө салууну тапшырды.
Анын айтымында, учурда юридикалык маселелер шаарларда да, айыл жерлеринде да жарандардын күнүмдүк жашоосунда көп кездешет. Ошондуктан калкка укуктук жардам алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу зарыл.







