Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул мыйзам майыптыгы бар жарандар үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасында иштөөгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Документке ылайык, майыптыгы бар жарандар конкурстан тышкары кадрлар резервине киргизилет. Ошондой эле, бош кызмат орундарына дайындоо механизми да белгиленет. Мында квалификациялык талаптар жана квоталоо нормалары сакталышы керек. Бул өзгөртүүлөр менен майыптыгы бар адамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат деп мамлекеттик органдар «Кабар» агенттигине билдирди.

Жаңы механизм кандай иштейт?

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бактыгүл Үсөналиева «Кабар» агенттигине алардын агенттиги учурда резервдеги майыптыгы бар адамдарды тандоо тартибин иштеп чыгып жатканын айтты.

Бул тартипте тандоонун критерийлери жана ден соолук абалына, эмгекке жарамдуулугуна жараша талапкерлер кайсы кызмат орундарына талапкер боло алары көрсөтүлөт. Үсөналиева бул документ Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте иштелип чыгарын баса белгиледи.