Материалдар: 3
Жалал-Абад облусунда медициналык кызматкерлердин жетишсиздигин жоюу максатында комплекстүү чаралар көрүлүүдө. Аймактык бийлик жергиликтүү бюджет жана ишканалардын эсебинен студенттерди окутуп, врачтарды ар кандай жеңилдиктер менен камсыз кылууда, анын ичинде турак жай берүү, айлык кошумчалары жана чет өлкөгө, анын ичинде Вьетнамга жолдомолор сунушталууда.
Ала-Буканын аймагында 23-июлда болуп өткөн бороон-чапкын, катуу жааган жаандан улам 299 гектардан ашык жердеги талааларга чоң зыян келтирилди. Анын кесепетинен келтирилген жалпы чыгым 12 миллион сомдон көп деп бааланууда.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлиги Интерпол менен кызматташтыкта Грузиядан Камчы Кольбаевге тиешеси бар деп шек саналган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн экстрадиялады. Бул адам 2019-жылы Чаткал жана Ала-Бука райондорундагы тоо-кен тармагын көзөмөлдөө менен байланышкан кылмыштарга шектелүүдө.