Жалал-Абад облусу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча өткөн кеңешмеде Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы Абдибаит Азимовдун ишмердүүлүгүн кескин сынга алды. Текебаевдин айтымында, эл тарабынан айыл өкмөт башчысынын жарандарга болгон мамилеси тууралуу даттануулар келип түшүүдө.

Кеңешменин жүрүшүндө планга жетпеген көрсөткүчтөр боюнча тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү менен суроо-жооп болгон. Ушул учурда ыйгарым укуктуу өкүл айыл өкмөтүнүн жетекчисине карата айтылган пикирлерге токтолгон.

«Сиздин жумуш ордуңузда жоктугуңуз тууралуу билдирүүлөр келип жатат. Мындан тышкары, сиз элге болгон мамилеңиздин оор экени айтылууда. Сиз өзгөчө адамсызбы? Эмне үчүн адамдарга оор мамиле кылып жатасыз?»
Тилек Текебаев, Жалал-Абад облусу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү

Абдибаит Азимов бул айыптарды таптакыр четке кагып, эч кимге оор мамиле кылбаганын билдирди.

Бирок Текебаев көптөгөн адамдардын өзүнө кайрылып жатканын белгилеп, айыл өкмөт башчысынын ишмердүүлүгүн текшерүү зарылдыгын айтты.