Бул гипотетикалык сценарийди көпчүлүк мүмкүн эмес деп эсептеши мүмкүн, бирок анын айрым элементтери ар кайсы өлкөлөрдө ар кандай убакытта орун алган. Бүгүнкү күндө дүйнөдө эч ким мындай кырсыктын комплекстүү түрдө кайталанбасына кепилдик бере албайт.

Мамлекет үчүн бул башкаруунун шал болушуна жана суверенитеттин жоголушуна алып келет. Анонимдүү күчтөр жашыруун архивдерди, критикалык инфраструктурага кирүү коддорун жана атайын кызматтардын маалымат базаларын колго түшүрүп, энергетикалык тармактарды, транспорттук түйүндөрдү жана байланыш системаларын аралыктан өчүрө алышат. Салык, кадастр жана мамлекеттик реестрлердин көзөмөлүн жоготуу юридикалык баш аламандыкка, бюджеттик төлөмдөрдүн токтошуна жана экономиканын кыйрашына алып келет.

Мамлекеттик органдар өздөрүнүн жашыруун сырларын коргой албаган шартта, бийлик институттары калктын көз алдында толугу менен легитимдүүлүгүн жоготот. Мунун кесепети масштабдуу башаламандыктар, тоноп кетүүлөр жана мамлекеттик машинанын иш жүзүндө кулашы болот.

Дүйнөлүк мисалдар: киберапокалипсистин айрым элементтери

Мындай кризистердин өзүнчө бөлүктөрү дүйнөлүк практикада кездешкен. Мисалы, 2007-жылы Эстонияда өлкөнүн бүтүндөй шал болушуна алып келген масштабдуу координацияланган DDoS-чабуул болгон.

Кыргызстан үчүн мындай коркунучтар актуалдуу бойдон калууда. Өлкөнүн санариптик инфраструктурасы өнүгүп жаткан сайын, киберчабуулдардын кесепеттери да олуттуу болушу мүмкүн.