Ош шаарында V Элдик курултайга делегаттарды шайлоо процесси башталды. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси Ильяз Абдыраимов билдирди.
Анын айтымында, шаарга 38 делегаттык квота бөлүнгөн. Шайлоо үч күнгө созулат. Учурда делегаттарды шайлоо боюнча жыйындар тогуз муниципалдык аймактык башкармалыкта (МТБ) өтүп жатат.
Кезектеги V Элдик курултай 2026-жылдын 18-декабрында өтөт.
Шайлоо процесси











