Кочкор–Жумгал автожолунун Кызарт ашуусунда жол кызматкерлеринин ишине ыңгайлуу шарттар түзүлгөн жаңы пункт ишке кирди. Бул объект Балыкчы–Жалал-Абад альтернативдүү автожолунун 107-километринде жайгашкан. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
24-аймактык жол эксплуатациялоо ишканасынын маалыматы боюнча, жаңы имаратта жол инспекторлору үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Имараттын ичинде жумушчу бөлмөлөр, эс алуу жайлары, жылуулоо жана тамак ичүү үчүн атайын бөлмөлөр бар. Ошондой эле атайын жол техникалары үчүн жылуу гараждар курулган.
Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, бул курулуштардын негизги максаты — жол кызматкерлерине тийиштүү шарттарды түзүү жана аба ырайына карабастан жолдорду жыл бою үзгүлтүксүз тейлөөнү камсыз кылуу.
140 млн сом курулуштун болжолдуу баасы
Долбоордун баасы 210 миллион сомдон ашса да, кошумча инженердик иштерди кошкондо, аны болжол менен 140 миллион сомго бүтүрүү пландалууда.
Альтернативдүү автожолдун үч участогунда мындай тейлөө пункттарын куруу каралган. Азыркы учурда дагы эки объект курулуп жатат. Алар Тогуз-Торо районунун 260-километринде жана Сузак районунун 357-километринде жайгашкан.










