Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы (ИИББ) билдиргендей, бул алдын алуу иш-чаралары чет элдик жарандарды ишке тарткан ишканалардын өкүлдөрү менен жүргүзүлгөн.
Иш-чаралар Кара-Жыгач айыл аймагындагы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын курулуш объектисинде, ошондой эле Байтик Баатыр айыл аймагындагы Боз-Белток тоосунда жайгашкан «Илина Групп» ЖЧКсында өттү. Бул жайларда көп сандаган чет элдик жарандар иштешет.
Жолугушуулардын жүрүшүндө чет элдик жарандарды мыйзамдуу түрдө ишке орноштуруу, миграциялык мыйзамдардын талаптарын так сактоо, коомдук тартипти камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Мындан тышкары, иш берүүчүлөргө Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарын кынтыксыз сактоо зарылдыгы тууралуу сунуштар жана эскертүүлөр айтылды.






