Жума күнү таңга жуук Грузиянын дээрлик бардык аймагы, анын ичинде борбор калаа да электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу жергиликтүү 1tv телеканалы билдирди. Батуми, Гурия, Самегрело, Рача, Душети аймактарынын тургундары да электр энергиясынын өчүрүлүшү тууралуу кабарлашкан.
Тбилисинин борборунда светофорлор жана көчө жарыктандыруулары иштебей калган.
Бул масштабдуу үзгүлтүктүн себеби азырынча белгисиз. Жергиликтүү ЖМКлар электр станцияларынын биринде авария болушу мүмкүн деген божомолдорду айтышууда.
Мцхета-Мтианети аймагына жана Тбилисинин көпчүлүк бөлүгүнө жарык жарым-жартылай кайтарылган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү электр энергиясын керектөөчүлөргө кыска мөөнөттө этап-этабы менен калыбына келтирерин билдиришти.




