Эльмурза Сатыбалдиев Кыргызстандын Волейбол федерациясынын президенттик кызматка кайрадан шайланды. Бул тууралуу чечим спорт уюмунун жакында өткөн отчеттук-шайлоо конференциясында кабыл алынды. Анын талапкерлиги бир добуштан колдоого алынды.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты федерация башчысы кызматына жалгыз талапкер болгон.
Эльмурза Сатыбалдиев профилдик спорт уюмунда ишеним мандатын төртүнчү жолу катары менен алды. Ал Кыргызстандын Волейбол федерациясынын президенти болуп биринчи жолу 2009-жылы шайланган.






