Грузиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы (МКК) мамлекеттеги эки жолку масштабдуу электр жарыгынын өчүрүлүшүнөн кийин диверсия беренеси боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Бул окуялар 24-июль менен 25-июлда болгон.

Расмий маалыматтарга ылайык, электр жарыгынын эки жолку өчүрүлүшүнүн тең себептери азырынча толук аныктала элек. Иликтөө иши уланууда.