АКШнын Өкүлдөр Палатасы президент Дональд Трамптын Иранга каршы аскердик аракеттерин Конгресстин макулдугусуз токтотууга чакырган резолюцияны кабыл алды.

Бул резолюция 214 добуш менен басымдуу көпчүлүк тарабынан кабыл алынып, 208 киши каршы чыкты. Аталган чечим АКШнын Ирандын ядролук объектилерине жасаган соккусунан кийин президенттин аскердик аракеттерди өз алдынча жүргүзүү укугу боюнча талкууну өбөлгөлөдү.

Резолюция негизинен символдук мүнөздө болуп, Трамп администрациясы аны АКШнын Конституциясына каршы келет деп атады.

Президент Дональд Трамп Ирандан келишим түзүлбөсө, алардан эч нерсе калбай турганын, аларда башка тандоо жок экенин жарыялады.

Ошондой эле, Трамп азыр Иран менен сүйлөшүүгө даяр эместигин билдирди.

Иран тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШ администрациясындагы Израилге жакын болгон топтор чыныгы кырдаалды көрбөй, мүмкүн болгон сүйлөшүүлөрдүн баасын көбөйткөнүн сынга алды.