Жогорку Кенештин спикери Марлен Маматалиев шейшемби күнү өтүүчү пленардык жыйындын жок болорун маалымдады. Ал бул чечимди туура түшүнүүгө чакырып, парламенттин ишиндеги жаңы багыттарды белгиледи.
Спикердин түшүндүрмөсүнө караганда, депутаттар бир катар мыйзам долбоорлорун кабыл алып, өлкөнүн бюджетин биринчи окууда жактырышкан. Эми декабрь айынын ортосуна чейин Министрлер Кабинети менен тыгыз иштешип, мыйзамдарды экинчи жана үчүнчү окууларга даярдоо керек.
Маматалиев парламенттын ишиндеги максаттын өзгөрүшүн белгилеп, депутаттардын санына эмес, иштин сапатына көңүл буруп жатканын айтты.
Буга чейин парламентте депутаттардын жыйында жок болуп калуусу жана кворумдун жетишсиздиги сыяктуу маселелер көтөрүлүп келген. Иш тартибин калыбына келтирүү үчүн ар кандай ыкмалар колдонулган.
Эскерте кетсек, парламенттин иши толугу менен мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Депутаттардын түздөн-түз айлыгынан жана депутаттык фонддон тышкары, бир депутатты тейлөөгө кеткен чыгымдарды төмөнкүдөй көрсөтсө болот:
Бир депутатты тейлөөнүн болжолдуу ай сайын чыгымы










