Айтматов районунда калктын ден соолугун коргоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине арналган атайын кеңешме болуп өттү. Иш-чарага айыл башчылары, айылдык мечиттердин имамдары, социалдык кызматкерлер жана медициналык адистер катышты.

Кеңешмеде райондо эмдөөдөн баш тарткан жарандардын саны өткөн жылга салыштырмалуу кескин өскөнү белгиленди. Бул көрсөткүчтүн өсүшүнө диний көз караштар жана социалдык тармактарда таратылып жаткан илимий негизи жок ушактар себеп болууда.

Эмдөөдөн баш тарткан адамдардын саны

1402025-жылдын 1-ноябрындагы адам саны
2312026-жылдын 1-ноябрындагы адам саны

Адистердин айтымында, айрым жаш үй-бүлөлөр вакцинация баланын укумсуздугуна, параличке же сүйлөө жөндөмүнүн жоголушуна алып келет деген илимий далили жок ушактарды ишенүүдө. Бул маселе боюнча бийлик органдары, социалдык кызматкерлер жана дин кызматкерлери биргелешип иштөөсү зарыл.

Аймактагы эпидемиологиялык кырдаал жана вакциналардын коопсуздугу боюнча медициналык маалыматтар берилди. Ошондой эле кожүрө, кызылча сыяктуу инфекциялык оорулардан алдын алуунун натыйжалуу жолдору каралды.