Жогорку Кенештин отурумунда парламент спикери депутаттардын четверг күндөрү отурум өткөрбөөсүнүн себептерин түшүндүрүп берди. Бүгүнкү иштешүү натыйжалуу болгонун жана көптөгөн мыйзам долбоорлору кабыл алынганын белгиледи.
Биз мыйзам долбоорлорун кабыл алууда сандан сапатка өттүк. Ошондуктан биз аларды шашпай талкуулап, кылдат текшерип, андан кийин гана кароого чыгарабыз.
Спикердин билдирүүсүнө ылайык, өлкөнүн бюджети боюнча маанилүү документ биринчи окууда жактырылды. Декабрь айынын ортосуна чейин депутаттардын бардык сын-пикирлери жана сунуштары бюджетке киргизилүүсү үчүн Министрлер Кабинети менен тыгыз иштешүү зарыл. Андан соң документ экинчи жана үчүнчү окуулардан өткөрүлөт.
Марлен Маматалиев 19-ноябрь, четверг күнү отурум болбой тургандыгын айтып, бул чечимди туура кабыл алууну суранды.










