Кыргызстанда суу ресурстарын пайдалануу боюнча маанилүү статистикалык маалыматтар берилди. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылы суу булактарынан жалпы 8,9 млрд куб метр суу алынган.

Сууну пайдалануу көрсөткүчтөрү

2,9 млрдсуу алынган (куб метр, Чүй облусу)
6,2 млрдколдонулган суу (куб метр)
26,5%ташуудагы жоготуулар

Суу алуу көлөмү боюнча Чүй облусу алдыңкы орунда турат, ал жерден 2,9 млрд куб метр суу алынган. Ал эми республика боюнча иш жүзүндө колдонулган суунун көлөмү 6,2 млрд куб метрду түзөт.

Улуттук статистика комитетинин санариптик өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Тимур Мамбеталиевдин билдирүүсүнө караганда, сууну ташуу учурундагы жоготуулар жалпы көлөмдүн 26,5% түзүүдө. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 0,6%га өскөн.

Суунун колдонулуш багыттары

  • Сугат жана айыл чарбасын суу менен камсыздоо — 93,5%
  • Чарбалык-ичүүчүлүк муктаждыктары — 4%
  • Өндүрүштүк муктаждыктар — 1,3%
  • Башка муктаждыктар — 1,2%