Казакстан тарабынан кыргызстандык транспорт каражаттарын текшерүү көрсөткүчү кыйла төмөндөгөн. Эгерде 2022-жылы чек арадан өткөн унаалардын болжол менен 10 пайызы текшерилсе, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 3 пайызга чейин түшүп калды. Элчинин айтымында, казак тарабы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында чек ара контролунда оң динамикага жетишилди.
Текшерүүлөр дагы деле жүрүп жатат, бирок бул мыйзам бузууларды аныктоо максатында гана жасалууда. Мисалы, жаз айларында чек арадан үчүнчү өлкөгө мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган 18 адам жүк ташуучу унаалардын ичинен кармалган.
QazETA системасы жана төлөмдөр
Сүйлөшүүлөрдүн алкагында казакстандык QazETA системасын киргизүү маселеси боюнча да маанилүү чечимдер кабыл алынды. Бул система алгач 2026-жылдан баштап акы төлөнүүчү болушу керек болчу. Бирок сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында төлөмдөрдү жокко чыгарууга жана системаны ишке киргизүү мөөнөтүн 2027-жылдын 1-июлуна чейин жылдырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Чек арадан өткөн 18 254 транспорттук каражаттын ичинен 643 гана текшерилди. Текшерүүлөрдүн азайып жаткан жакшы тенденциясы байкалууда, учурда көрүнүктүү тоскоолдуктар жок.
Элчи белгилегендей, система ишке киргенге чейин кыргыз жарандарына тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.









