26-ноябрда Жогорку Кеңештин депутатылар жолдогу агрессияны азайтуу максатында жаңы мыйзам долбоорун биринчи окууда колдошту. Мыйзам долбооруна ылайык, жолдогу уруш-конфликттерге жана коопсуздукка коркунуч келтирген агрессивдүү аракеттерге аралашкан айдоочулар жоопкерчиликке тартылат.

Долбоордун демилгечилеринин бири Бактыяр Калпаевдин айтымында, акыркы убакта айдоочулардын агрессивдүү жүрүм-туруму тез-тез кездешип жатат. Ал мисал катары июль айында Ош облусунда болгон окуяны келтирди, ал жерде жолдогу чыр-чатактын натыйжасында бир айдоочу экинчисине бычак менен чапкылаган.

Жаңы санкциялар

10 000сом (биринчи жолу болгон учурда)
6ай (кайталаган учурда укугунан ажыратуу)

Сунушталган түзөтүүлөргө ылайык, эгерде айдоочу жолдогу коопсуздукка коркунуч келтирген уруш же конфликтке аралашса, ага 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат. Ал эми бир жылдын ичинде бул эреже кайталанса, айдоочулук укугу 6 айга чейин чектелет.

Долбоордун максаты — айып пул чогултуу эмес, жолдордо тартипти орнотуу.
Марлен Маматалиев, Жогорку Кеңештин спикери

Спикердин белгилегендей, экинчи окууга чейин бул маселе Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги менен биргеликте кылдат изилделет. Учурда мындай учурлар зыян келбесе, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин «Автохулиганство» же «Мелкое хулиганство» беренелери менен каралат, ал эми зыян же жаракат болсо, башка жоопкерчилик белгиленет, — деп түшүндү ИИМдин орун басары Эркебек Аширхождаев.