Каракол шаарындагы социалдык тармактарда автохулигандыкка байланыштуу видеожазуулар пайда болду. Бул видеолордо бир нече автоунаалардын айдоочулары жол эрежелерин бузганы көрсөтүлгөн.

Жети-Өгүз районунун тургундары болгон айдоочулар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан аныкталды. Аларга 15 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле, айдоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул чаралар жол кыймылынын коопсуздугун сактоо жана оор эреженин бузулушун алдын алуу максатында кабыл алынды.

Бардык катышуучуларды жол эрежелерин так сактоого жана элдин коопсуздугуна коркунуч келтирген аракеттерге жол бербоого чакырабыз.
Областтык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы