Экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Беназир Нурланованын сунушу менен сунушталган мыйзам долбоору мурунку мыйзамдын 50 пайызынан ашыгын өзгөртөт. Аталган мыйзам 2018-жылы Азия өнүктүрүү банкынын сунушу менен кабыл алынган, бирок азыркыга чейин натыйжалуу иштебей келген. Мурунку мыйзамдын кемчилиги — күбөлүктөрдүн кагаз түрүндө жүргүзүлүшүндө болгон. Жаңы тартипте алар санариптик форматка өткөрүлүп, фермерлерге товарларын кепилдик катары коюп, насыя алууга мүмкүнчүлүк түзүп берет.

4күбөлүк берилген
263склад иштейт

Депутат Илимбек Кубанычбеков белгилегендей, мыйзам күчүнө киргенден бери болгону төрт гана складдык күбөлүк берилген. Бул көрсөткүч өтө төмөн экенин далилдейт.

Кыргыз фондудук биржасынын директорунун орун басары Мыктыбек Абировдун түшүндүрмөсүнчө, мурунку кагаз күбөлүктөрдү биржада колдонууга мүмкүн болгон эмес. Жаңы мыйзам боюнча күбөлүктөр санариптештирилип, Борбордук депозитарийдин бирдиктүү реестрине киргизилет, ал эми складдардын реестрин фондук биржа жүргүзөт. Бул товар ээлерине брокер аркылуу биржада товарды сатууга же банктан насыя алууга жол ачат.

Мыйзамдын таасир этүү чөйрөсү кеңейтилет. Эгерде мурда негизинен айыл чарба продукциясы гана каралса, эми цемент сыяктуу башка товарлар да камтылат. Биржа менен иштегиси келген складдар атайын талаптарга жооп берүү үчүн текшерүүдөн өтүүгө тийиш.