26-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар маанилүү мыйзам долбоорлору каралып, экинчи окууда кабыл алынды. Бул чечимдер жер ресурстарын пайдалануу, оюн-зоок бизнеси жана товардык кампалар тармагын жөнгө салууга багытталган.

Кумар оюндарына тыюу салуу

Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген жаңы мыйзам долбооруна ылайык, мамлекет онлайн лотереяларга жана санариптик ойнотууларга болгон көзөмөлүн күчөтөт. Негизги максат — жарандардын укуктарын коргоо жана алардын финансылык коопсуздугун камсыз кылуу.

Документтен

Бинардык опциондор түрүндөгү кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынат.
Оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү мыйзам долбоору

Жер ресурстары жана кампалар

Ошондой эле «Жер казынасы жөнүндө», «Күрөө жөнүндө» жана «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди. Бул чаралар жер ресурстарын пайдалануудагы мыйзамдык карама-каршылыктарды жоюуга жана лицензиялоо механизмдерин жакшыртууга кызмат кылат. Мыйзамда жерди пайдалануу укугун берүүдө электрондук аукциондорду киргизүү каралган.

Мындан тышкары, «Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Ал кампалык каржылоону өркүндөтүүгө жана кампа күбөлүктөрүнүн жүгүртүлүшүн санариптештирүүгө багытталган.

Мыйзам долбоорлорун тиешелүү комитеттин төрагасы Кубанычбек Самаков жана экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова тааныштырышкан.