Бүгүн, 9-октябрда, Сокулук районунун Белек айылында Чүй облусунун 100 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Ага Жогорку Кенешатин депутаттары төрага Марлен Маматалиевдин жетекчилиги менен катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Бул аймак чыгыш менен батышты байланыштырып, соода, илим жана маданият өнүккөн аймак катары белгилүү болгон. Чүй өрөөнүнүн тарыхый улуулугун байыркы Баласагун шаарынын мурасы, Бурана мунарасы, ошондой эле Ак-Бешим сыяктуу байыркы шаарлардын урандылары тастыктайт.
Марлен Маматалиев өз сөзүндө Чүй облусунун тарыхый маанисине токтолду. Ал Чүй өрөөнү байыркы замандан бери Улуу Жибек жолунун маанилүү борборлорунун бири болгонун белгиледи. Анын айтымында, бул аймак ар кандай маданияттардын, элдердин жана салттардын кесилишкен жери болуп келген.
Облустун бүгүнкү жетишкендиктери
Төрага облустун учурдагы жетишкендиктерине да кыскача токтолду. Ал өткөн кылымдын ичинде Чүй облусу татаал, бирок олуттуу өнүгүү жолун басып өтүп, өлкөнүн негизги өнөр жай, транспорт, соода-логистика жана экономикалык борборлорунун бирине айланганын айтты.
Мындан тышкары, Марлен Маматалиев өлкө башчысынын жетекчилиги астында республика боюнча, анын ичинде Чүй облусунда жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, аймакты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган көптөгөн келечектүү пландар бар экенин баса белгиледи.
Төрага Чүй өрөөнү байыртадан эле ар түрдүү маданияттардын, элдердин жана салттардын кесилишкен жери болгонун эске салды. Ал бүгүнкү күндө да бул аймакта ар кайсы аймактардан жана улуттардан келген өкүлдөр бир чоң үй-бүлө болуп жашап, өлкөнүн келечеги үчүн биргеликте эмгектенип жатканын белгиледи.
















