Сокулук районунун Белек айылындагы ат ипподромунда 9-октябрда Чүй облусунун жүз жашына арналган иш-чаранын алкагында эр эңиш боюнча мелдеш өткөрүлгөн. Мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталган.
Чүй облусунун президенттин өкүлү Элкинбек Аширбаев жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырган деп билдирилген.
Мелдештин жыйынтыгы:
- 1-орун — Аскат Башар (Ысык-Көл облусу); сыйлык катары унаа тапшырылган
- 2-орун — Калыбек Бузурманкул уулу (Чүй облусу)



















