31-июлда Жети-Огуз районунун Кызыл-Суу айлында райондук мамлекеттик архив жаңы имаратта өз ишин баштады. Бул тууралуу Архив кызматынан кабарлашты.
Иш-чарага Архив кызматындын төрайымы Нуркыз Базарбаева, облустук башкармалыктардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруучу органдардын өкүлдөрү жана эмгек ардагерлери катышты.
Архивдин курулушу жана жабдуулары
Архивдин жаңы имараты типтүү долбоор боюнча курулган жана ага жалпы 45,1 миллион сом сарпталды. Имарат заманбап климат-контрол жана өрт коопсуздугу системалары менен жабдылган.
Райондук мамлекеттик архив 1977-жылы түзүлгөн. Башында ал Саруу айылындагы эски мектепте жайгашкан, андан соң Покровка айыл салыштыруучу кеңештин имаратында, 1998-жылдан бери "Солнышко" бала бакчасынын мурунку имаратында иштеген.
Архивде сакталган материалдар















