Кызыл-Кия шаарынын курулуш жана архитектура башкармалыгына Азамат Абдибакы уулу башчы болуп дайындалды.

Бул дайындоону Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койгон жарлык менен расмий тастыктады.

Азамат Абдибакы уулу мурда ушул башкармалыктын курулуш ченемдерин берүү жана макулдашуулар боюнча бөлүмүндө башкы адис катары эмгектенген.

Баткен облусундагы курулуш жана архитектура башкармалыгынын башчысы Нурсултан Сатыбалдиев жаңы жетекчини кызматтык жамаатка тааныштырды жана ийгиликтерди каалады.