Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин пресс-борбору «Новел» эс алуу борбору боюнча тараган маалыматтарды түшүндүрүп берди. Ведомствонун билдирүүсүнө ылайык, аталган объект УКМКнын балансына өткөн эмес.
Бул маселе чет өлкөлүк инвестор Д.А.Р. мүлкүн асырап алуу жана сарп кылуу фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөө алкагында келип чыккан. Зыян келтирилген тараптын чыгымы толугу менен калыбына келтирилүүдө.
Зыянды төлөө катары «Айсео» ЖЧКсынын уставдык капиталындагы 100 пайыздык үлүш зыян келтирилген тарапка өткөрүлүп берилген. Ал эми бул эс алуу борбору «Айсео» ЖЧКсынын мүлкүнүн курамына кирет.
Демек, эс алуу борбору түздөн-түз мамлекеттик комитеттин мүлкүнө кирген эмес, ал зыянды калыбына келтирүү максатында үлүшү өткөрүлүп берилген компаниянын мүлкү болуп саналат.










