Ысык-Көл облусунун Джети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак айылынын Талып Жамгырчиев атындагы интернат мектебинин төрт окуучусу Москвада өткөн «Заповедные острова» аттуу X эл аралык конкурсуна катышты. Алар география мугалими Наргиза Тойчубек кызы менен бирге өлкөбүздүн атын эл аралык аренада коргошту.

Конкурстун катышуучулары 7-класстан 10-класска чейинки окуучулар болду. Алар: Эркай Балсалова, Нурали Ыксанов, Нурел Асылбеков жана Арууке Асекова. Иш-чаранын алкагында окуучулар корголуудагы табигый аймактар, кар барсыны коргоо жана анын жашоо чөйрөсүн сактоо боюнча мастер-класстардан өтүп, жаңы билимдерди алышты.

География мугалими Наргиза Тойчубек кызынын айтымында, бул сапар окуучулар үчүн жаңы тажрыйба топтоо жана дүйнө таанымын кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк болду. Ошондой эле, алар башка региондордон келген теңтуштары менен таанышып, жаңы байланыштарды түзүштү.

Бул сапарга райондук жетекчилик, айыл өкмөтү, айыл башчысы жана демөөрчүлөр тарабынан уюштуруучулук жана финансылык колдоо көрсөтүлгөн.

Ак-Шыйрак айылы — бул айыл Кытай менен чектеш аймакта, деңиз деңгээлинен 3200–3500 метр бийиктикте жайгашкан эң алыс айылдардын бири.

Ак-Шыйрак айылынын жаратылыш шарттары абдан катаал. Бул жерде климаттын өзгөчөлүктөрүн төмөнкүдөй белгилөөгө болот:

8-9ай кездемеде кыш созулат
600км Бишкекке чейинки аралык