Джалал-Абад облусунда Ала-Букин райондук сотунун жаңы административдик имараты ачылды. Бул тууралуу Жогорку сот билдирди.

Ачылыш аземге Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, Судьялар департаментинин директору Бакыт Курманалиев, Джалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова, Ала-Букин райондук сотунун төрагасы Камбарбек Бейшеев, сот кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Медербек Сатыев жаңы имараттын пайдаланууга берилиши сот тутумунун өнүгүүсү жана жарандар үчүн заманбап шарттарды түзүүдө маанилүү кадам экенин белгиледи.

Жогорку соттун башчысы соңку жылдары мамлекет сот системасынын материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө, сот имараттарын курууга жана инфраструктураны жаңыртууга өзгөчө көңүл бурганын айтты. Мунун негизги максаты жарандар үчүн укуктук адилеттикти жеткиликтүү жана ачык кылуу болуп саналат.

Ала-Букин райондук сотунун жаңы имараты заманбап талаптарга ылайык курулуп, соттор менен аппарат кызматкерлеринин ыңгайлуу иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ошондой эле, сотко кайрылган калк үчүн кеңири жана жагымдуу шарттар каралган.

Имарат эки кабаттан турат жана иш бөлмөлөр, консультация жана кабыл алуу жайлары бар.