26-сентябрда милицияга Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, 25-сентябрда саат 23:00 чамасында Васильев көчөсүндө токтотулган «Мерседес-Бенц Е210» үлгүсүндөгү унаасы уурдалганын билдирген. Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси («Автотранспорт каражатын уурдоо») боюнча катталды.
Первомай райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери 1997-жылы туулган Т.Б. жана М.А. аттуу шектүүлөрдү кармашты. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөөнүн версиясы боюнча, унаа Жалал-Абад облусунда жашырылган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.











