Жаңыланган тартипке ылайык, электроэнцефалографиялык изилдөө (ЭЭГ) жана эксперименталдык-психологиялык текшерүү иштери эми психиатрдын көрсөтмөсү менен гана жүргүзүлөт. Мындай кошумча изилдөөлөрдүн зарылдыгын дарыгер медициналык көрсөткүчтөрдүн негизинде аныктайт.

Бул документ 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 237 токтомго өзгөртүүлөрдү киргизет. Аталган токтомдо курал алып жүрүүгө жана жеке күзөтчү катары кызмат өтөөгө тоскоол болгон оорулардын тизмеси бекитилген.

Өзгөртүүлөрдүн максаты — курал алып жүрүүгө медициналык каршылыктардын тизмесин өркүндөтүү жана «Курал жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу.