Бишкекте өткөн жолугушууда МФТИнин колдонмо математика жана информатика Физтех-мектебинин директору Андрей Райгородский жасалма интеллекттин илимди кантип өзгөртүп жатканын түшүндүрүп берди. Алымынча, келечекте математиктердин саны азайганга эмес, тескерисинче, алардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн.
Андрей Райгородский математиканын сулуулугу жана анын негизи тууралуу айтты. Ал жасалма интеллект доорунда да фундаменталдык билим алуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуу болууну каалаган жаш кыргызстандыктар үчүн бул тармактын маанилүүлүгүн белгиледи.
Илимдин өнүгүүсүндө жасалма интеллект жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачса да, математикалык базасыз терең илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүн эмес экени белгиленди.







