Бишкекте белгилүү россиялык окумуштуу Андрей Райгородский «Математиканын сулуулугу» деген темада лекция өткөрдү. Иш-чаранын алкагында илимдин адам жашоосундагы орду жана математикалык формулалардын дүйнөсү талкууланды.
Окумуштуу бул илимдин эмне үчүн керектигин жана математика окуу оор болуп жаткан адамдар да аны кантип сүйө аларын түшүндүрүп берди. Катышуучулар өз суроолорун түз берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, математикалык формулалардын сырлары менен таанышты.









