Лазизбек Равшанов — АКШнын транспорт тармагына AI системаларын иштеп чыгуучу машиналык окуу инженери. Ал Кыргызстанда жасалма интеллекттин өнүгүшү өлкө үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып, аларды колдонуу үчүн айрым маанилүү факторлор бар деп эсептейт.

Кыргызстанда нейросеталар өлкөнүн санариптик трансформациясында маанилүү роль ойноп жатат. Былтыр жайында кабыл алынган мыйзам жасалма интеллектти иштеп чыгуучуларды салык төлөөдөн бошотуп, өлкөдө өз технологияларын түзүүгө стимул берүүдө.

Мамлекеттик колдоого карабастан, Равшановдун айтымында, өлкөдө өз алдынча иштеп чыгаруучу командалар жана стартаптар пайда болушу үчүн адистер, профессионалдык байланыштар жана идеяларды натыйжалуу колдонууга жөндөмдүүлүк негизги ролду ойнойт.

Ранее по теме15-июль: Бишкек жана аймактарда жарык үзгүлтүккө учурайт

Лазизбек Равшанов көпчүлүк адистерден айырмаланып, даяр AI-моделдер менен эмес, интеллектуалдык системалардын толук циклин — архитектурасын түзүүдөн баштап, моделдерди үйрөтүүгө жана экономикадагы чыныгы тармактарда чечим кабыл алуу механизмдерин түзүүгө чейин иштейт.

Андан сырткары, ал искусственный жалпы интеллект (AGI) архитектурасын изилдеп, бир нече тапшырмаларда билимди өткөрүү жана жаңы шарттарга ылайыктуу болуу маселелери менен алектенет. Бул тажрыйба аны жаңы муундагы адистердин бири катары саноого мүмкүндүк берет.