Улуттук банк 2027-жылы санариптик сом платформасын сыноо баштала турганын билдирди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Регулятор 2026-жылдын аягына чейин платформанын базалык версиясын иштеп чыгууну аяктоону пландоодо. Учурда ченемдик-укуктук база даярдалып, долбоордук документация бекитилген. Ошондой эле пилоттук долбоорго катышуу үчүн коммерциялык банктар тандалып алынган.

Тандалган банктар менен тесттик чөйрөдө айрым функциялар алдын ала текшерилген. Бирок жарандарды жана ишканаларды реалдуу шарттарда тартуу менен толук кандуу тестирлөө али баштала элек.

Санариптик сом качан карапайым элге жана бизнеске күнүмдүк эсептешүүлөр үчүн жеткиликтүү болору азырынча белгисиз. Мөөнөттөр пилоттук долбоордун жыйынтыгына, керектүү өркүндөтүүлөргө жана төлөм системасынын катышуучуларынын даярдыгына жараша болот.

Борбордук банктардын санариптик валюталарын иштеп чыгуу жана киргизүү – бул технологиялык чечимдерди кылдат текшерүүнү, коопсуздукту жана төлөм инфраструктурасынын даярдыгын талап кылган татаал жана көп этаптуу процесс. Мындан тышкары, көпчүлүк өлкөлөрдө мындай долбоорлор ар кандай иштеп чыгуу жана сыноо стадияларында турат, ал эми аларды кеңири практикалык колдонуу тажрыйбасы азырынча чектелген.
Улуттук банктын билдирүүсүнөн

Каржылоо жана ишке ашыруу

Долбоор Улуттук банктын өз каражаттарынын эсебинен каржыланат. Иштеп чыгууга регулятордун адистери жана сырттан тартылган жеткирүүчү катышат.

Улуттук банк бул кадамды Кыргызстандын төлөм системасын өнүктүрүү жана санариптик экономикага өтүү багытындагы маанилүү иш-чара катары баалайт.