Президент Садыр Жапаров Жети-Өгүз жана Тон районунун тургундарынын кайрылууларын укту. Жолугушуу учурунда Майрамкул Ыбыкеева аттуу айым Ысык-Көл облусунда жайгашкан эки ишкананын мамлекетке кайтарылуу процесси боюнча маселени көтөрдү.
70 жаштагы ишкердин айтымында, анын менчигиндеги Рыбхоздогу мунай базасы жана автотранспорттук станцияга карата мамлекеттик мүлктөрдү кайтаруу программасынын алкагында суроолор жаралган. Ал өзүнүн 30 жылдык эмгеги тууралуу айтып, тергөө иштери учурунда өзүнө кысым көрсөтүлгөнүн жана төрт ай бою үй камакка алынганын билдирди.
Тиешелүү ведомствонун өкүлү бул маселе боюнча маалымат берип, мамлекеттик автомунай станциялары ишканасынын Ысык-Көл филиалынын, ошондой эле «Минара» жеке компаниясынын отун комплекси менен жер участогунун мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлгөн фактылары аныкталганын айтты.
Учурда бул объекттер мамлекеттик менчикке кайтарылып, «Кумтор» ишканасына ижарага берилген жана иштелип жатат. Президент бул объекттер мурда мамлекеттин менчигинде болгонун тактады.
Ыбыкеева болсо, бул ишканалар 1995-жылы мамлекеттик акционердик коом статусунда болгон учурда аукцион аркылуу сатып алынганын белгиледи.
















