Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» балдардын реабилитация жана эс алуу борборуна Жанайым Жапарова келди. Ал жерде балдарга оюнчуктар менен таттууларды жеткирип, колдоо көрсөттү.
Бул кайрымдуулук акциясы Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын демилгеси менен жыл сайын өткөрүлүп келет. Анын максаты балдарга колдоо көрсөтүү жана майрамдык маанай тартуулагыр.
2023-жылы «Алтын балалык» борборунда Кыргызстандын бардык аймактарынан болжол менен 8 миң баланы дарылоо жана эс алдыруу пландалууда. Бул жай балдарга ден соолукту чыңдоо, эс алуу жана көңүл ачуучулуктар үчүн шарттарды түзгөн.













